Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
ишемби, 22-февраль, 2020 Бишкек убактысы 01:42

Бишкек-Торугарт жолунда автокырсыктан эки адам мүрт кетти


Иллюстрациялык сүрөт.

Чүй облустук ички иштер башкармалыгынын маалыматына караганда, дагы жети адам түрдүү жаракат алып, ооруканага жеткирилген.

Маалыматка ылайык, кырсык жолдун Кең-Булуң аймагында болгон. «Volkswagen Vento» каршылаш тилкеге чыга калып, анда келе жаткан «Toyota Avensis» менен кагышкан.

Ички иштер министрлигинин маалыматы боюнча, былтыр автокырсыктардан баш-аягы 529 киши каза болгон. Бул андан мурунку жылга салыштырмалуу 9,2% көп. 2018-жылы автокырсыктан 484 адам өлгөн. (ZKo)

XS
SM
MD
LG