Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 20:15

«Ак-Тилек» өткөрмө бекетинде 115тей машине токтоп турат


Кыргыз-казак чек арасындагы автоунаалар. Архивдик сүрөт.
Кыргыз-казак чек арасындагы автоунаалар. Архивдик сүрөт.

Бул 20-январга карата алынган маалымат. Мамлекеттик чек ара кызматынын басма сөз катчысы Сажира Чоколоеванын «Азаттыкка» билдиргенине караганда, кезек күтүп турган жүк ташуучу машинелер документтерин толукташ үчүн турат.

- Казакстан тараптын талаптарына ылайык, документтерин толукташ үчүн күтүп турган автоунаалардын саны 115 чамалуу. Ал эми чек ара бекетинен өтүүдө кезек жок, - деди ал.

«Ак-Тилек» өткөрмө бекетинде жүк ташуучу машинелердин узун кезеги 7-январдан баштап байкалган. Буга байланыштуу кыргыз өкмөтү тынчсыздануусун билдирип, казак тараптын чек ара аркылуу товар жана жүк алып өтүүдөгү кошумча текшерүү киргизиши Евразия Экономикалык Биримдигинин (ЕАЭБ) нормаларына каршы келерин эскертип, ЕАЭБдеги милдеттерди аткарууга чакырган.

Ал эми Казакстандын Киреше боюнча мамлекеттик комитетинин расмий өкүлү Олжас Отар басылган пломбалары бузулбаган жана документтери туура жүк ташуучулар чек арадан тоскоолдуксуз эле өтүп жатканын маалымдаган.

Кыргыз-казак чек арасында Казакстан тарап жүк ташуучу автоунааларды түрдүү себептер менен өткөрбөй кармаган учурлар мурунку жылдары да катталган. (ZKo)

XS
SM
MD
LG