Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
22-Сентябрь, 2026-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 03:03

Жээнбеков мамлекеттик сыйлыктарды тапшырды

Сооронбай Жээнбеков.
Сооронбай Жээнбеков.

20-январда президент Сооронбай Жээнбеков бир катар коомдук ишмерлерге мамлекеттик сыйлыктарды тапшырды. Иш-чара «Ала-Арча» мамлекеттик резиденциясында болду.

Жээнбеков быйыл да аймактарды өнүктүрүү, санариптештирүүнү, соттук-укуктук реформаларды улантуу жана коррупция менен күрөш негизги максат болорун айтты.

Ал сыйлык ээлерин куттуктап жатып, мамлекеттик реформаларды колдоп, анын ишке ашуусуна көмөктөшүп жатышканы үчүн аларга ыраазычылык билдирди.

- Тынымсыз эмгегиңиздер жана кесибиңиздерге берилгениңиздер менен сиздер коомдо сый-урматка ээ болуп атасыздар. Сыйлык ээлерин тандоо учурунда биз коомдук ой-пикирди, эмгек жамааттарынын пикирлерин да эске алдык, - деди президент. (ZKo)

XS
SM
MD
LG