Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 06:18

Сапар Исаков сотко катышуудан баш тартты


ЖЭБдеги коррупция боюнча соттолгондор - А. Калиев, Ж. Сатыбалдиев, С. Исаков жана С. Авазов.
ЖЭБдеги коррупция боюнча соттолгондор - А. Калиев, Ж. Сатыбалдиев, С. Исаков жана С. Авазов.

Мурдагы премьер-министр Сапар Исаков соттордун өз алдынчалыгына ишенбегендиктен мындан аркы сот жараяндарына катышпай турганын билдирди. Ал бул тууралуу Бишкек шаардык сотунда мурунку сот чечимине каршы жараянда айтты.

Исаков ал үчүн сотко адвокаттарынын катышуусу жетиштүү болорун белгилеп, бирок адилеттик үчүн күрөштү токтотпой турганын билдирди.

Бишкек шаардык соту 20-январда баш калаанын Жылуулук электр борборун (ЖЭБ) оңдоп-түзөөдөгү коррупция боюнча айыпталгандардын апелляциялык арызын кароону баштады. Сотко Ирина Воронцова төрагалык кылууда.

6-декабрда Бишкектин Свердлов райондук соту бул иш боюнча айыпталуучулар, мурдагы премьер-министр Сапар Исаковду жана «Улуттук энергохолдинг» компаниясынын мурдагы төрагасы Айбек Калиевди 15 жылга кескен.

Сот чечими менен «Электр станциялары» ишканасынын мурдагы жетекчиси Салайдин Авазов 11 жыл 3 айга, мурдагы өкмөт башчы Жантөрө Сатыбалдиев 7 жыл 6 айга эркинен ажыратылган.

Ал эми «Электр станциялары» ишканасынын жетекчисинин мурдагы орун басары Жолдошбек Назаров менен ЖЭБди модернизациялоо долбоорунун мурдагы аткаруучу директору Темирлан Бримкулов жаза мөөнөтүн тергөө абагында өтөп коюшкандыктан зот залынан бошотулган.

Мурдагы энергетика министри Осмонбек Артыкбаевге 5 миллион сом, мурдагы финансы министри Ольга Лавровага 3 млн. сом айып салынган.

2018-жылы январь айында ЖЭБдеги авариядан соң Бишкек бир жума бою жылуулуксуз калган. Териштирүүдөн кийин оңдоп-түзөө иштеринде коррупция бар экени аныкталып, кылмыш иши козголгон. (ZKo)

XS
SM
MD
LG