Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Апрель, 2025-жыл, жума, Бишкек убактысы 00:11

Алайдагы памирлик кыргыздар сабатын ачып жатышат


Сабатын ачып жаткан памирлик кыргыздар. Ош облустук администрациясынан алынган сүрөт.
Сабатын ачып жаткан памирлик кыргыздар. Ош облустук администрациясынан алынган сүрөт.

Алай районунун Сары-Могол айлына Памирден көчүрүлүп келген кыргыздар үч класска бөлүнүп, окуп жатышат. 7-17 жаш, 17-45 жаш курагындагылар жана аялдар үчүн өзүнчө класс ачылган. Өкмөттүн Ош облусундагы өкүлчүлүгү кабарлагандай, алар үчүн атайын эки мугалим бөлүнгөн. Окуу мектептин эски имаратында жүрүп жатат.

- Мындан тышкары Алайдын акими үч, губернатор жети телевизор тартуулаган. Ар бир үйгө нан бышыруучу меш орнотуп бердик. Бирөө компьютерде иштешти билет экен. Жазга чыгып аларды компьютер жана Интернет менен камсыз кылып, калгандарына да үйрөтөбүз. Мурда Нарында окуп келген үч бала айылдагы мектепте 6-класста окуп жатат, - деди өкмөттүн Ош облусундагы өкүлчүлүгүнүн басма сөз катчысы Нуркыз Кадырбекова.

Памирден көчүрүлүп келген кыргыздарга башка райондордун жетекчилери да түрдүү колдоо көрсөтүшүүдө. Жакында Ноокат районунун атынан 100 миң сомдук жардам жеткирилди. Эмки айда Өзгөн районунун жардамы күтүлүүдө.

2019-жылдын 23-декабрында 50 кишиден турган 11 памирлик үй-бүлө Алай районунун Сары-Могол айылына көчүрүлүп келген. Аларга өкмөттөн турак жай курууга 1,2 гектар жер жана 10 млн. сом бөлүнгөн.
2017-жылы Ооганстандан Нарынга 50 памирлик кыргыз келип, жатаканаларга жайгаштырылган. (ZKo)

XS
SM
MD
LG