Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
дүйшөмбү, 17-февраль, 2020 Бишкек убактысы 16:59

Жалал-Абадда жол эрежесин бузган судья инспекторго каршы сотко кайрылды


Жалал-Абад шаарындагы рейд учурунан. 30-декабрь, 2019-жыл.

Жалал-Абад шаардык сотунун судьясы Элмира Сулайманова жол кыймыл коопсуздугун көзөмөлдөө бөлүмүнүн кенже тескөөчүсү тарабынан өзүнө карата түзүлгөн протоколду жокко чыгарууну суранып Жалал-Абад шаардык сотуна кайрылды. Облустук соттун басма сөз кызматы «Азаттыкка» берген маалыматында «Сулайманованын сотко кайрылуусу - анын жарандык укугу» деп билдирди.

Жалал-Абад облустук жол кыймыл коопсуздугун көзөмөлдөө бөлүмүнүн маалыматына караганда 30-декабрдын түнүндө мас абалында бара жатып жол кырсыгына кабылган Элмира Сулайманованын үстүнөн Тартип бузуу кодексинин «Транспорт каражаттарын документи жок айдоо», «Жол кыймылынын башка эрежелерин бузуу» жана «Мас абалындагы айдоочунун транспорт каражатын башкарышы» беренелери боюнча протокол түзүлгөн.

«29-декабрдан 30-декабрга караган түнү жергиликтүү телеканал менен бирге атайын рейд уюштурулган. Анда «Тойота» үлгүсүндөгү автоунаа «Нексия» унаасын сүзүп алган. Текшерүү учурунда «Тойота» машинесинин айдоочусу Элмира Сулайманованын жанында документтери жок, мас абалда айдап баратканы аныкталган. Натыйжада Сулайманованын машинеси токтоочу жайга киргизилип, айып салынган», деп айтылат маалыматта.

Интернетте тараган видео материалдарда «Нексия» машинесин сүзүп, окуя болгон жерден качып кеткен «Тойота» автоунаасынын айдоочусун жол кыймыл коопсуздугун камсыздоо кызматкерлери артынан кууп кармашкан.

Шаардык сот Сулайманованын арызын 20-январда түштөн кийин карайт. (RsK)

Пикирлерди көрүңүз (12)

XS
SM
MD
LG