Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
дүйшөмбү, 17-февраль, 2020 Бишкек убактысы 17:05

Матраимовдордун үч медиага каршы соту башталды


Бишкектин Свердлов райондук сотунда Матраимовдордун үй-бүлөсүнүн «Азаттык» радиосуна, кабарчы Али Токтакуновго, «Kloop.kg» жана «24.kg» сайттарына каршы жазган доо арызы боюнча экинчи сот отуруму башталды. Ишти Свердлов райондук сотунун судьясы Жылдыз Ибраимова карап жатат.

19-декабрдагы баштапкы жыйында доочулардын адвокаттарынын өтүнүчү менен соттун жүрүшүн видеого тартууга тыюу салынган. Мындан тышкары сот Матраимовдун бажыдагы коррупциялык схемалары боюнча биргелешкен журналисттик иликтөөдө айтылган маалыматтарды соттук процесс жүрүп жаткан маалда таратууга тыюу салуудан баш тартып, Матраимовдордун адвокаттарынын бул тууралуу өтүнүчүн четке каккан.

Кеп болгон иликтөөдө Матраимовдордун Саймаити менен байланышы боюнча, алардын Дубайдагы мүлкү, Исмаил Матраимов атындагы фондго түшкөн каражаттар боюнча маалыматтар бар.

Матраимовдордун үй-бүлөсү «Азаттык» радиосун, кабарчы Али Токтакуновду, «Kloop.kg» жана 24.kg сайттарын 9-декабрда сотко берип, жалпы өлчөмү 60 миллион сомдук доо койгон.

Матраимовдордун үй-бүлөсү бул медиаларда жарыяланган иликтөө «кадыр-баркына доо кетиргенин» белгилеп, моралдык чыгым өндүрүүнү талап кылган. (ZKo/BTo)

Пикирлерди көрүңүз (7)

XS
SM
MD
LG