Ооганстандын алыскы аймагында талибдердин колунан бир үй-бүлөнүн алты мүчөсү мерт болду. Бул тууралуу жергиликтүү расмий адамдар кабарлашты. «Талибан» 18-январдагы кол салууга тиешеси жок экенин, чабуулга жеке талаш алып келгенин билдирүүдө.
Бирок жекшемби күнү Фарияб чөлкөмүнүн губернаторунун кеңсеси тараткан расмий маалыматка ылайык, ал үй-бүлөнү талибдер «адеп-ахлакка сыйбаган аракеттери үчүн» деп атып кеткен.
Өлгөндөрдүн арасында бир ымыркай бар. Анын энеси жана эгиз түгөйү аман калды, бирок экөө тең оор жарадар болду.
Окуя болгон жерге дароо ооган коопсуздук күчтөрү жөнөтүлүп, жарадарларды ооруканаларга жеткиришти. Талибдер аскерлер менен атыша кеткени, үч согушкер окко учканы кабарланды.
«Талибан» Ооганстандын дээрлик жарымынан көп аймагын көзөмөлдөйт.