Орусиянын Пермь шаарындагы мейманканада ысык суу түтүгү жарылганда беш киши каза тапты. Бул тууралуу өлкөнүн Өзгөчө кырдаалдар министрлиги кабарлады.
«Интерфакс» өлгөндөрдүн арасында жашы жете элек бир бала бар экенин жазып жатат. Бардык жабыркагандар ооруканаларга жеткирилди. Алардын абалы оор деп бааланууда.
Кырсык дүйшөмбү күнү эртең менен ылдыйкы кабатында чакан менчик мейманкана орун алган турак жайда болгон. Күбөлөр ысык суу кошуна көчөлөргө чейин жеткенин айтып беришти.
Үйдүн тургундары көчүрүлгөн жок. Бирок электр жарыгы өчүрүлдү. Адамдардын өлүмү боюнча кылмыш иши козголду.