Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
8-Сентябрь, 2026-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 18:37

Ошто кыргыз-кытай чек ара кызматкерлери жолугушту

Кыргыз-кытай чек ара кызматкерлеринин жолугушуусу.
Кыргыз-кытай чек ара кызматкерлеринин жолугушуусу.

Мамлекеттик чек ара кызматынын Ош облусу боюнча өкүлчүлүгү Кытайдын Улуттук-боштондук армиясынын Шинжаң уйгур автономиялык району боюнча чек ара өкүлчүлүгүнүн аппараты менен жолугушту. Бул тууралуу «Азаттыкка» чек ара кызматынын басма сөз кызматы билдирди. Анда 2019-жылдагы кыргыз-кытай чек арасын чогуу кайтаруунун жыйынтыгын чыгарып, 2020-жылга чек ара кайтаруунун планын бекитилди. Жолугушуу «Эркечтам» өткөрмө бекетинин Кытай тарабында Симкана деп аталган жерде өттү.

Тараптар мамлекеттик чек араны кайтаруунун натыйжалуулугун арттыруу боюнча иш-чараларды карап, чек ара аймагын чогуу кайтарууну жана укук бузуу фактыларынын алдын алууда бирге аракеттенүүнү макулдашты.

2019-жылы кыргыз-кытай чектеш аймагында чек ара режими бузулган үч факты катталган. (ZKo/MdN)

XS
SM
MD
LG