Украинанын тышкы иштер министри Вадим Пристайко анын өлкөсү Европадагы Коопсуздук жана Кызматташтык Уюмунун (ЕККУ) мониторинг миссиясын кеңейтүүнү өтүнгөнүн билдирди. 20-январда министр Киевде уюмдун азыркы төрагасы Эди Рама менен жолугушкан.
ЕККУнун миссиясы Украинада 2014-жылдан бери иштеп келатат. Ал жылы Москва Крымды аннексиялап алгандан кийин өлкө чыгышында орусиячыл жикчилдер баш көтөрүшкөн. Ошондон бери Донбасстагы урушта 14 миңден көп киши өлдү. Миссиянын жарандык мониторинг тобунун мүчөлөрү согуш жүрүп жаткан жерлердеги абалга байкоо жүргүзүшөт. Аларга касташкан тараптардын диалогуна өбөлгө түзүү вазийпасы жүктөлгөн. Миссиянын мандаты 31-мартта соңуна чыгууда. Пристайконун айтымында, Киев уюмдан мандатын узартуудан тышкары «мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтүүнү жана санын көбөйтүүнү» өтүндү.
Рама Украинанын чыгышындагы чатакты «бүгүнкү күндө Европанын коопсуздугу жана туруктуулугу үчүн чечүүнү талап кылган биринчи маселе» деп баалады.
Украинанын, Орусиянын, Франциянын жана Германиянын өкүлдөрү (Норманд квартети) декабрда жолугушуп, 2015-жылкы тынчтык келишимин жандандырууга аракет кылышты. Сүйлөшүүлөрдө олуттуу жылыш болбогону менен Орусия жана Украина кездешүү жаңы дем бергенин белгилешти.