Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 07:26

Тажикстанда «Мусулман агайындардын» мүчөсү катары 70тей киши кармалды


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Тажикстанда тыюу салынган «Мусулман агайындар» уюмунун мүчөсү деген шек менен кармалгандардын саны кеминде 70 кишиге жетти. Азырынча өлкө бийлиги бул маалымат боюнча комментарий бере элек. Эки жума мурун «Эркин Европа/Азаттык» радиосунун тажик кызматынын тартип коргоо органдарындагы булактары 27 киши кармалганын, шектүүлөрдүн саны көбөйүшү мүмкүн экенин маалымдашкан. Кармоо иштери тууралуу жыл башында белгилүү болгон.

Ички иштер органдарындагы булактардын бири азыр кеминде 70 кишиге кылмыш иши козголгонун билдирди. Тажикстанда тыюу салынган уюмга мүчө болгондорду 5-10 жылга эркинен ажыратуу каралган.

Кармалгандардын арасында жогорку окуу жайлардын мугалимдери, ишкер, белгилүү динаятчылар бар.

Соңку кармоо, ошондой эле шектүүлөр жакындары менен көрүшө албай жатканы, көз каранды эмес адвокаттар менен камсыздалбаганы укук коргоочуларды тынчсыздандырууда.

Буга чейин кошуна өлкөнүн бийлиги дин тутуу эркиндигин чектөө тууралуу сынга кабылып келген. Бирок расмий Дүйшөмбү дооматтарды четке кагып, кээ бир чектөөлөрдү радикализмге каршы чаралар менен байланыштырат.

«Мусулман агайындар» уюму Тажикстанда 2006-жылы «кара тизмеге» киргизилген.

XS
SM
MD
LG