Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Февраль, 2025-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 20:45

Мөмө берчү көчөттөрдү импорттоодо кошумча нарк салыгы алынбайт


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Бул багбандарды колдоо максатында жасалып жатканын «Азаттыкка» Мамлекеттик салык кызматынын басма сөз катчысы Эркин Сазыков 21-январда билдирди. Анын маалыматына ылайык, былтыр декабрда өкмөттүн атайын токтому менен бак отургузууга арналган көчөттөрдү, калемчелерди, алма багын, алмурут, кара өрүк, алча, чие, шабдаалы, өрүк, гилас, кожогат, карагат, малина, жүзүм, жаңгак, мисте импорттоо кошумча нарк салыгынан бошотулган.

Акыркы жылдары Европа мамлекеттеринен, Түркиядан түшүмдүүлүгү жогору мөмө бактарынын көчөттөрүн алып келип тигүү күч алды. Ишкерлер мөмө бактарын тигүү багбанчылыкты өнүктүрүү менен кошо элеттин экономикасын көтөрүүдө мааниси чоң экенин белгилеп келишет. (ZKo)

XS
SM
MD
LG