Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 11:03

Кайгуул-күзөт кызматы башка шаарларда да иштей баштайт


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Ички иштер министрлиги Кайгуул-күзөт кызматын башка шаарларга да жайылтуу жөнүндө сунушту коомдук талкууга койду. Министрликтин маалыматына караганда, бул кызматтын ишке кириши менен коомдук коопсуздукту камсыз кылуу жана мыйзам бузуунун алдын алуу иштери жакшы жолго коюлган, баш калаада кылмыштуулук 15-20% азайган. ИИМдин сунушуна ылайык, Кайгуул-күзөт кызматын жалпы өлкөгө жайылтуу баскыч менен ишке ашат. Бул үчүн Жол кыймыл коопсуздугун камсыздоо кызматынын айрым бөлүктөрү жоюлат же Кайгуул-күзөт кызматынын бөлүктөрүнө биригиши мүмкүн. Ошондой эле жер-жерлердеги бардык бөлүктөр түз ИИМге баш ийет.

Кайгуул-күзөт кызматы коомдук коопсуздукка, ошону менен бирге жол кыймыл коопсуздугуна да көзөмөл кылат. Сунушталып жаткан долбоорго ылайык, иш аймактарда 1-июлда башталат.

Долбоорду ишке ашыруу республикалык бюджеттен кошумча чыгашаны талап кылат. Кызматкерлердин кийим-кечеси менен айлык акысынан тартып керектүү автоунаа, коопсуздукту камсыз кылуучу тиешелүү курал-жарактар, техникалык каражаттарды алуу зарылчылыгы бар. Бул үчүн алдын-ала эсеп боюнча 456 730 299 сом керек болот. ИИМ бул каражатты Тартип бузуу кодексинде жазылган мыйзам бузуудан алынган айыппулдун эсебинен табууга болорун белгилөөдө. (ZKo)

XS
SM
MD
LG