Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) имаратында өтүп жаткан сот отуруму 21-январда уланат. Сот негизги айыпталуучу Алмазбек Атамбаевсиз өтөт. Мурдагы президенттин адвокаты Замир Жоошевдин «Азаттыкка» билдиргени боюнча, адвокаттар сот процессин Биринчи май райондук сотунун имаратына кайтарууну өтүнүшүүдө.
- «Атамбаев сотко катышпасын» деп сот өзү чечим чыгарган. Эми сот процессин Биринчи май райондук сотунун имаратына өткөрө берсе болмок. Бирок биздин мындай сунушубузду сот четке кагып келе жатат. Ушул убакытка чейин сот отуруму түрдүү себептер менен жылып келди, айыпталуучуларга айыптоо актысы угузула элек.
Кримтөбөл Азиз Батукаевдин түрмөдөн мыйзамсыз бошотулганына байланыштуу соттук иш былтыр 15-октябрында башталган.
Алмазбек Атамбаев Азиз Батукаевдин түрмөдөн мыйзамсыз бошотулганына байланыштуу жана бир катар беренелер менен айыпталууда. Сөз болуп жаткан иш боюнча мурдагы башкы прокурорлор Аида Саляновага, Индира Жолдубаевага, ондон ашуун мурдагы жетекчилерге, дарыгерлерге айып коюлган.
Батукаев 2013-жылы «айыккыс илдетке чалдыкты» деген негизде мөөнөтүнөн мурда түрмөдөн чыккан жана атайын коштоо менен Бишкекке жеткирилип, Орусияга учуп кеткен. Ички иштер министрлиги (ИИМ) быйыл бул боюнча кылмыш ишин кайра тергеп, сотко өткөрүп берген.
Атамбаев 8-августта Кой-Таш айылындагы үйүндө күч түзүмдөрүнүн атайын операциясынын алкагында кармалып, УКМКнын тергөө абагында камакта отурат. (ZKo)