Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 08:16

ЖКнын тармактык комитети кыргыз-тажик чек арасы боюнча өкмөттүн маалыматын угат


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Парламенттин Эл аралык иштер, коопсуздук жана коргонуу комитети 21-январда Кыргызстан менен Өзбекстандын, Кыргызстан менен Тажикстандын чек араларын делимитациялоо жана демаркациялоо маселеси боюнча вице-премьер-министр Жеңиш Разаковдун маалыматын угат. Бул тууралуу аталган комитеттин мүчөсү, депутат Абдывахап Нурбаев «Азаттыкка» билдирди:

- Акыркы окуялардан улам Тажикстан менен чек ара маанилүү болуп турат. Бирок бизге эки мамлекет менен тең чек ара маселеси кандай чечилип жатканы тууралуу маалыматтар кызыктуу. Бүгүн негизги тиешелүү жетекчилер келип, так маалымат берет деп ойлойм.

Нурбаевдин айтымында, комитет кыргыз-тажик чек арасына байланыштуу маселени өткөн жумада да карап, бирок тиешелүү жетекчилер Тажикстан менен сүйлөшүүгө кеткени үчүн маалымат жетиштүү болгон эмес.

Кыргызстан менен Тажикстандын чек арасынын узундугу 971 чакырымды түзөт. Анын 450 чакырымдан ашыгы тактала элек.

10-11-январда Баткен районунун Көк-Таш айылында болгон акыркы чек ара чырынан кийин эки тарап Кыргызстандын Баткен району менен Тажикстандын Исфара шаарынын ортосундагы бир нече жерден окшош жана аянты бирдей тилкелерди өз ара алмашуу боюнча макулдашылган варианттарды иштеп чыгууну караштырып жатат. (ZKo)

XS
SM
MD
LG