Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2025-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 00:23

Путин Конституцияга өзгөртүү киргизүү боюнча сунуштарын Думага жиберди


Орусиянын Конституциясын кармап турган аскер адамы.
Орусиянын Конституциясын кармап турган аскер адамы.

Орусиянын президенти Владимир Путиндин сунуштары 20-январда Мамлекеттик Думага берилгенин анын басма сөз катчысы Дмитрий Песков ырастады.

Мамдуманын сайтындагы маалыматка ылайык, Конституциянын 22 беренеси өзгөртүлөт. Мындан тышкары, Мамлекеттик кеңеш түптөлүп, аны президент түзөт. Өкмөт башчынын талапкерлигин президент көрсөтүп, парламент бекитет. Вице-премьерлер менен министрлерди өкмөт башчы сунуш кылат. Күч түзүмдөрүнүн башчыларын да президент Федерация Кеңеши менен сүйлөшкөн соң сунуш кылат. Президенттин премьер-министрди кызматтан алуу укугу сакталат.

Өзгөртүүлөрдүн арасында президенттик эки мөөнөт тууралуу да бар. Андагы «катары менен» деген термин алынат. Ага ылайык, бир эле киши эки мөөнөттөн ашуун мамлекет башчысы болуп шайлана албайт.

2018-жылы президенттик кызматка төртүнчү жолу шайланып келген Владимир Путиндин мөөнөтү 2024-жылы аяктайт. Серепчилер Путиндин реформасы бийликтен кеткенден кийинки учуруна даярдык болушу ыктымал экенин айтышууда. Орус бийлигинин башкы оппоненти Алексей Навальный «Твиттердеги» баракчасына Путин президенттиктен кеткенден кийин да өлкөдө таасирин жана бийлигин сактап калууга аракет кылып жатканын жазган.

XS
SM
MD
LG