Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 07:48

Өзбекстандык блогер Батыштан баш паанек сурайт


Нафосат Оллашукурова.
Нафосат Оллашукурова.

Сот чечими менен бир нече ай бою психиатриялык ооруканада күчтөп дарылатылган блогер Нафосат Оллашукурова 18-январда мекенинен кетүүгө аргасыз болгонун "Азаттыктын" өзбек кызматына билдирди. "Фейсбукта" Шабнам деген ат менен таанымал болгон блогер Батыш өлкөлөрүнүн биринен баш калка сурай турганын айтты. Ал телефон аркылуу сүйлөшүү учурунда психиатриялык ооруканада кыйноого кабылганын билдирди. Блогердин сөзүнө караганда, полиция андан оппозиционер Мухамед Салихке каршы көрсөтмө берүүнү талап кылып, кыйнаган.

32 жаштагы мугалим Оллашукурова 7-октябрда психоневрологиялык диспансерге мажбурлап жаткырылган. Андан мурда «Фейсбукта» блогдору менен белгилүү болгон Оллашүкүрова куугунтукка кабылганын айткан журналист Махмуд Ражабовду колдоп чыккан.

Блогерди алгач «Бейбаштык», «Коопсуздук күчтөрүнө баш ийбөө» жана башка беренелер боюнча күнөөлүү деп таап, 10 күнгө камашкан. Андан соң «акылында мандем бар» деген шылтоо менен психоневрологиялык диспансерге жеткиришкен. Оллашукурова үч айдан кийин, 28-декабрда үйүнө чыгып келгенден кийин да дарыгерлер аны Ташкенттеги психиатриялык ооруканага киргизүүгө аракет кылганын айтты.

XS
SM
MD
LG