Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 04:21

Жаңы-Өзөндүн тургундары бийликтен иш талап кылууда


Жаңы-Өзөндүн тургундары.
Жаңы-Өзөндүн тургундары.

20-январда Казакстандагы Жаңы-Өзөн шаарынын 200гө жакын тургуну мунай ишканаларына жумушка орноштурууну талап кылып жергиликтүү акимчилик имаратынын алдына чогулду. Бул тууралуу шаардагы активисттердин бири Нурсултан Нурумов билдирди.

Анын айтымында, акциянын катышуучуларын кабыл алган шаар башчынын орун басары бул маселени кароого бир ай убакыт берүүнү өтүнүп, аларга тизме боюнча жумушка орношууну сунуш кылды. Бирок чогулгандар бийлик өкүлүнүн жообуна канааттанбай, талаптар аткарылмайынча мындай акцияларды уланта беришерин билдиришти.

Жаңы-Өзөндүн башчысы Максат Ибагаров акимчилик өкүлдөрү чогулгандар менен жолукканын, учурда алардын тизмеси түзүлүп жатканын билдирди. Анын айтымында, азыр шаардагы мунай компанияларында бош орундар жок. Ал жумушсуздарды мамлекеттик тейлөө ишканаларына орноштуруу маселеси каралып жатканын кошумчалады.

Расмий маалыматтарга караганда, Жаңы-Өзөндө 151 миңге жакын адам жашайт. Шаарда газды кайра иштетүүчү ишкана жана «КазМунайГаз» мамлекеттик компаниясына таандык «Озенмунайгаз» ишканасы жайгашкан.

2019-жылдын башында Жаңы-Өзөн шаарында жумушсуз жарандардын нааразылык акциялары өткөн. Митингге чыккандар анда да бийликтен жумуш менен камсыз кылууну талап кылып, жаштардын көйгөйүнө көңүл бурууга чакырышкан.

XS
SM
MD
LG