Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Май, 2025-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 07:36

Анарбаев: Саймаити жана «Абдыраз» ишканасы чет өлкөлөргө акча чыгарганын милицияга билдиргенбиз


Финансылык чалгын кызматынын төрагасы Гүламжан Анарбаев Айеркен Саймаити жана «Абдыраз» ишканасы тарабынан чет өлкөлөргө чоң суммада акча которулуп жатканы боюнча Ички иштер министрлигине (ИИМ) 2014-жылдын 30-июнь күнү эле маалымат берилгенин айтты. Бирок ушул күнгө чейин жооп келген эмес. Ал бул тууралуу 21-январда Саймаитиге байланыштуу маалыматтарды иликтеш үчүн түзүлгөн депутаттык комиссиянын жыйынында билдирди.

Анын сөзүнө караганда, 2016-жылдын 12-августунда Саймаити жана «Абдыраз» чет жакка которгон акча боюнча материалдарды дагы толуктап, текшериш үчүн Экономикалык кылмыштуулукка каршы күрөш боюнча мамлекеттик кызматка (Финансы полициясы) берилген. Бирок ушул эле жылдын 16-ноябрында Финпол иш козгоодон баш тарткан.

- Кийин жалпыга маалымдоо каражаттарында чуу болуп, 2019-жылы «Азаттыкка» иликтөөлөр чыккандан кийин премьер-министрден жана Финполдон бизге ушул маалыматтарды кайра иликтөө боюнча кат келди. Биз 2019-жылдын 26-июнунда кайра ошол материалдарды Финполго бердик. Ошонун негизинде Айеркен Саймаити 2 млрд. 602 миң сом, ал эми «Абдыраз» ишканасы 3 млрд. 810 млн. кошумча салык төлөсүн деген чечим чыккан. Бул кылмыш иши УКМКга өткөндөн кийин материалдарды кайра жаңылап өткөрүп бердик, - деди Анарбаев.

Жогорку Кеңеш уйгур улутундагы кытай ишкери Айеркен Саймаитинин өлүмүнө байланыштуу 2019-жылдын 21-ноябрында убактылуу депутаттык комиссия түзгөн. Ага парламенттеги алты фракциядан 12 депутат мүчө болуп кирген.

Комиссия Саймаитинин киши колдуу болушун, аны Кыргызстан менен байланыштырган жагдайларды, буга чейин Бишкек, Ош аэропортторунда каракталган миллиондогон каражаттардын чоо-жайын жана «Азаттыктын» иликтөөсүндө айтылган Кыргызстандан чыгарылган 700 миллион долларга катышын иликтеп жатат.

Кыргызстандын бажысындагы коррупциялык схема боюнча журналисттерге маалыматтарды жана жүздөгөн документтерди берген Айеркен Саймаити 10-ноябрда Стамбулдагы мейманканалардын биринин кафесинде отурган жеринен атып өлтүрүлгөн. Түркияда аны өлтүрүүгө шектүү катары төрт киши кармалды. (Bto/TSh)

XS
SM
MD
LG