Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
ишемби, 22-февраль, 2020 Бишкек убактысы 01:39

Абдрахманов: КСДПдан кеткендер - жоопкерчиликтен качкандар


КСДПнын желеги.

21-январда Сагынбек Абдрахманов жетектеген Кыргызстан социал-демократиялык партиясы (КСДП) Бишкектин Ала-Тоо аянтында 2010-жылы 7-апрелде каза болгондорго куран окутту. Окуяны журналист Алтынай Арстанбекова «Фейсбуктагы» баракчасында түз көрсөттү. Абдрахманов бүгүн партиянын жыйынын өткөрөрүн айтып, парламенттеги КСДП фракциясынын депутаттары башка партияга өтүп кетип жатышканын сынга алды:

- КСДПнын арты менен келген партиялаштар башка жакка кетип жатышканы аябай өкүнүчтүү. Азыр «Биримдик», «Кыргызстан» партиясына кетерин айткандар толтура.

КСДПнын катарынан 2017-жылы чыгарылган Сагынбек Абдрахманов «Атамбаевсиз КСДП» кыймылын жетектеген. Юстиция министрлиги Сагынбек Абдрахмановду 18-апрелде КСДПнын лидери катары каттаган жана партиянын дареги да өзгөртүлгөн. Ал эми мурдагы президент Алмазбек Атамбаев жана анын тарапташтары муну мыйзамсыз чечим катары баалап, юстиция министрин кылмыш жоопкерчилигине тартууну өтүнүп, Башкы прокуратурага кайрылышкан.

Абдрахманов жетектеген КСДПнын саясий кеңеши 8-сентябрда жыйынга чогулуп, Кой-Таштагы окуяларга катышкан партиянын айрым мүчөлөрүн катардан чыгарган. Алардын арасында Жогорку Кеңештин депутаттары Ирина Карамушкина, Асел Кодуранова, Карамат Орозова, Мурадыл Мадеминов, Анвар Артыков жана экс-депутат Мээрбек Мискенбаев бар. Атамбаевди колдогондор Абдрахманов жетектеген КСДПны «фейк партия» деп аташкан. (TSh)

Пикирлерди көрүңүз (14)

Бул шерине жабылды, эми талкуу "Фейсбуктагы" барагыбызда (Azattyk.unalgysy) уланат.
XS
SM
MD
LG