Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Февраль, 2025-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 21:43

Кытайда Интерполдун мурунку башчысы 13,5 жылга түрмөгө кесилди


Мэн Хунвэй.
Мэн Хунвэй.

Кытайдын түндүгүндөгү Тянцзин шаарындагы сот Интерполдун мурдагы башчысы Мэн Хунвэйге өкүм чыгарды. Борбордук телеканал Хунвэй 13,5 жылга кесилгенин жана эки миллион юань (292 миң доллар) айыпка жыгылганын билдирди. Ошондой эле Интерполдун мурунку башчысы жогорку инстанцияга арызданбай турганын маалымдады.

Жайында Кытайдагы Коммунисттик партиянын расмий гезити «Женьминь жибао» Мэн Хунвэй сотто коррупция боюнча коюлган айыптарды мойнуна алганын жазган.

Интерполду 2016-жылдан бери жетектеп жүргөн Хунвэй 2018-жылы сентябрда Кытайга барганда ың-жыңсыз жоголуп кеткен. Расмий Бээжин бир айдан кийин гана ал пара алган деген шек менен камакка алынганын ырастаган.

Хунвэй Интерполду жетектегенге чейин Кытайда коомдук коопсуздук боюнча министрдин орун басары болуп иштеген жана өлкөдөгү таасирлүү саясатчылардын бири эле. Анын аялы күйөөсүнүн камалышында саясат бар экенин айтып келет жана ал былтыр Францияда башпаанек алган.

XS
SM
MD
LG