Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
21-Январь, 2025-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 20:52

Кытайдагы өпкөнү сезгенткен жаңы вирустан төрт киши көз жумду


Ушул күндөргө карата 220 адам бул белгисиз вирусту жуктурганы маалым болду.
Ушул күндөргө карата 220 адам бул белгисиз вирусту жуктурганы маалым болду.

Кытайдын бир нече аймактарында, ошондой эле Таиландда, Жапонияда жана Түштүк Кореяда жалпысынан 220 адам бул белгисиз вирусту жугузуп алганы маалым болду.

Кытайдын саламаттык сактоо мекемеси 20-январда ырастагандай, жаңы коронавирусту 15 медицина кызматкери жугузуп алган. Алгач бул вирустан өлкөнүн борбордук бөлүгүндө жайгашкан Ухань провинциясында 89 жаштагы карыя каза тапкан.

Вирустун жайылышы боюнча тынчсыздануу Кытайда 25-январда белгилене турган Жаңы жылына байланыштуу күч алды. Анткени майрам күндөрү Кытайдын ичинде жүз миллиондогон адамдар ары-бери саякаттап, тууган-уругуна конокко барышат.

Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюму 21-январда чукул жыйын өткөрүп, белгисиз вирусту талкуулады. Австралиянын бийлиги Ухандан келген бардык жүргүнчүлөрдү текшере баштай турганын жарыялады.

Ал эми Кошмо Штаттардын Ооруларды көзөмөлдөө жана алдын алуу боюнча борбору 18-январда билдиргендей, Сан-Франциско, Лос-Анжелес жана Нью-Йорк аэропортторунда Кытайдын борбордук бөлүгүнөн баргандардын баары текшерүүдөн өткөрүлөт.

XS
SM
MD
LG