Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 04:55

Разаков: Бишкектеги митинг акча менен уюштурулган


Жеңиш Разаков.
Жеңиш Разаков.

Вице-премьер-министр Жеңиш Разаков 13-январда парламенттин алдында өткөн митинг акча менен уюштурулган деп эсептейт. Ал бул тууралуу 21-январда журналисттердин суроолоруна жооп берип жатып билдирди. 13-январда Бишкекте чек ара маселесин көтөрүп чыккандар Жеңиш Разаковдун кызматтан кетишин да талап кылышкан.

- Менин жеке оюмда, алар акча менен чыгарылган адамдар, - деди ал. - Эгер «кимдин адамы көп» десеңер мен да адамдарымды чыгарып көрөйүн. Баткенди көтөрөйүн, анда биз элди көтөрүп эле жүрө берели. Мен мамлекеттик кызматкермин, мага андай болбойт.

Былтыр март айында «Азия Ньюс» гезити вице-премьер-министр Жеңиш Разаков тууралуу макала басып, анда ал Тажикстанда кармалып чыкканын жазган. Жеңиш Разаков бул макалага байланыштуу «ар-намысыма шек келтирди» деп гезитти былтыр август айында 10 млн. сомго сотко берген. Сот бул ишти карап, редакцияны Разаковго 1 млн. сом төлөп берүүгө милдеттендирген. Жеңиш Разаков буга чейин «Азаттыктагы» маегинде өзү жөнүндө таратылган маалыматтар боюнча Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет (УКМК) текшерип, эч кандай мыйзам бузуу жок деген тыянак чыгарганын билдирген. (TSh)

XS
SM
MD
LG