Татарстандын Казань шаарында полиция «Жахабанын күбөлөрү» диний агымдын мүчөлөрү жашайт деген үйлөрдү тинтип чыкты жана 15 адамды кармап кетип, суракка алды. Бул тууралуу Орусиядагы аталган уюмдун расмий сайты жазып чыкты. Суракка алынгандардын арасында 80ге чыгып калган эки байбиче жана балдар да болгон.
Былтыр ноябрда Орусиянын Томск шаарында сот «Жахабанын күбөлөрү» диний агымынын өкүлү Сергей Климовду алты жылга эркинен ажыраткан. Ал «экстремисттик уюмдун жетекчиси» деп табылган. Климов сотто «Жахабанын күбөсү» экенин ырастаганы менен уюмдун аймактык бөлүмүнүн жетекчиси экенин мойнуна алган эмес.
Тергөө материалдарында «Климов диний жөрөлгөлөрдү өткөрүп, башка адамдарды өз катарына тарткан жана «Жахабанын күбөлөрүн» бул агымга мүчө болбогон тууган-уругу менен катташпоого, медицинадан баш тартууга чакырган» деп көрсөтүлгөн.
Буга чейин Орусиянын президенти Владимир Путин «жер-жерлерде «Жахабанын күбөлөрү» кодуланбашы керек» деп билдирген болчу.
Былтыр «Жахабанын күбөлөрүнүн» туугандары президентке караштуу Жарандык коомду өнүктүрүү жана адам укуктары боюнча кеңешке ачык кат менен кайрылган жана алар кодуланып жатканын айтып даттанган. Катта диний ишениминен улам камалгандардын саны 17ге жеткени жазылган.
Орусиянын Жогорку соту 2017-жылы «Жахабанын күбөлөрү» диний агымын экстремисттик уюм деп тапкан.