Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Ноябрь, 2025-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 01:18

Украина Антарктидага жаш илимпоздорду жөнөтөт


Антарктида.
Антарктида.

Украинанын Билим берүү жана илим министрлиги илим-изилдөө иштери менен жазында Антарктидага аттана турган экспедициянын курамын бекитти.

Министрлик тараткан билдирүүдө 12 адамдан турган топтун мүчөлөрүнүн орточо курагы 37 жаш экени, бул өлкөнүн эгемен тарыхындагы эң жаш экспедиция болуп калары айтылат. Ошондой эле топто эки аял бар экени белгиленген.

«Биз жаштарга илимий дараметин ишке ашырууга көбүрөөк мүмкүнчүлүк бергибиз келет. Алардын теңи буга чейин мындай шартта иштеген эмес, калган бөлүгү болсо тажрыйбалуу адистер болуп саналат жана алар Антарктидада бир жыл болушат», деп айтылат министрликтин маалыматында.

Илимпоздор үчүн жакында көп күндүк окутуу башталат жана алар Антарктидадагы «Академик Вернадский» станциясында, катаал шартта жашап жана иштегенге үйрөтүлмөкчү.

XS
SM
MD
LG