Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 13:15

Виржинияда миңдеген адамдар курал сатууну чектөөгө каршы чыгышты


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Дүйшөмбү күнү Кошмо Штаттардын Виржиния штатында 20 миңден ашуун адам жүрүшкө чыкты. Алар штат бийлигинин курал сатууну чектөө боюнча ниетине нааразылык билдирип жатышат.

Көпчүлүгү жүрүшкө куралдарын көтөрө келген. Штаттын бийлиги ок атуучу куралды сатып алып жаткандарды кылдат текшерип, айына бирден көп курал сатып алууну, айрым куралдарды сатууну чектөөнү көздөп жатат.

Нааразылар бул Конституциядагы жарандардын курал сактоо жана алып жүрүү укугун бузат деп эсептешет. Өлкө президенти Дональд Трамп да курал-жаракка каршы мыйзамды күчөтүүгө каршы.

АКШда куралды алып жүрүү, сатуу эрежелери көп жылдардан бери талкууланып, талашып тартышып келатышат. Бул маселе өзгөчө куралдуу кылмыштардан кийин күн тартибине чыгат.

XS
SM
MD
LG