Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
11-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 08:06

Казакстанда сот Кытайдан качкан казактарды өлкөдөн чыгарбоого көндү


Мурагер Алимулы менен Кастер Мусаханулу. 6-январь, 2020-жыл.
Мурагер Алимулы менен Кастер Мусаханулу. 6-январь, 2020-жыл.

Казакстандын Зайсан шаардык соту 21-январда Кытайдын Шинжаң аймагынан качып келген Мурагер Алимулы менен Кастер Мусаханулу боюнча өкүм чыгарды. Ага ылайык, алар бир жылга эркинен ажыратылды жана өлкөдөн чыгарбоо, жаза мөөнөтүн жатак абакта өтөө боюнча өкүм чыкты. Мурагер Алимулы менен Кастер Мусаханулунун тергөө абагында отурган күндөрү эске алынганда, жаза мөөнөтү 6 айга жакын болуп кыскарды.

Сот залында отургандар өкүмдү укканда кыраан-сүрөөнгө түшүп кубатташты.

31 жаштагы Кастер Мусакан менен 26 жаштагы Мурагер Алимулы казак-кытай чек арасынан мыйзамсыз өттү деген айып менен былтыр октябрда камакка алынган.

Алар Шинжаңдын Дөрбүлжүң аймагынан чыгып, 1-октябрда Кытай чек арасынан өткөнүн айтышкан жана Кастер «саясий тарбиялоочу лагерде камакта отуруп чыкканын», ал эми Мурагер ошол эле лагерде «кыйноого кабылганын» билдиришкен.

Бээжин «агартуучу, тарбиялоочу борборлордо» шинжаңдыктар коомго аралашууну үйрөнүп жатканын билдирүүдө. Бириккен Улуттар Уюмунун эсебинде, Шинжаңдагы лагерлерде миллиондой адам камакта отурат.

XS
SM
MD
LG