Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Сентябрь, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 07:27

Султанов: эл каттоого 25 миңдей кызматкер тартылат


Акылбек Султанов.
Акылбек Султанов.

21-январда президент Сооронбай Жээнбеков Улуттук статистика комитетинин төрагасы Акылбек Султановду кабыл алып, эл каттоого даярдык боюнча маалыматын укту. Бул тууралуу кабар президенттин сайтына чыкты.

Султановдун маалыматына караганда, Кыргызстанда калкты каттоо 23-марттан 1-апрелге чейин, алыскы аймактарда 20-апрелден 29-апрелге чейин жүргүзүлөт. Каттоо толугу менен электрондук форматта мобилдик тиркеменин жардамы менен өткөрүлүп, Дүйнөлүк банк тарабынан иштелип чыккан «Survey Solutions» программасы колдонулат. Сыноо максатында каттоо кагаз жана электрондук түрдө үч жолу Токмок шаарында жана Чүй районунда, Ысык-Көл облусунун Ысык-Көл районунун Кум-Бел айыл аймагында жана Ош шаарында жүргүзүлгөн.

Султанов эл каттоого даярдык көрүү жана маалыматтарды чогултуу, иштеп чыгуу учурунда мобилдик жана Интернет байланышы менен камсыздалган 25 миңге жакын киши бул ишке тартыларын айтты. Жалпысынан Кыргызстандын аймагында 500дөн ашуун каттоо бөлүмдөрү жана 4 миңге жакын инструктордук участоктор ачылат.

Президент алдыңкы санарип технологияларын колдонууда маалымат коопсуздугун камсыз кылыш керек экенин белгиледи. (TSh)

XS
SM
MD
LG