Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 11:07

Ошто кызын таштап кеткен аялдын энелик укугу каралып жатат


Ошто кызын таштап кеткен аял.
Ошто кызын таштап кеткен аял.

Ошто эки жашар кызын көчөгө таштап кеткен аялды Ош шаардык эмгек жана социалдык өнүгүү башкармалыгы энелик укуктан ажыратуу ниетин билдирди. Бул тууралуу «Азаттыкка» мекеменин үй-бүлөнү жана балдарды коргоо бөлүмүнүн башчысы Гүлзина Раева маалымдады.

- Бул аялдын бир уул, бир кызы бар. Ал батирде жашап жүрүп, ошол жерге баласын кароосуз таштап кеткен. Аны милиция бизге алып келген. Төрт жаштагы баланы биз Оштогу «Боорукердик үйүнө» жайгаштырганбыз. Эми кызын да таштап кетип жатат. Милиция бул аялдын үстүнөн кылмыш ишин козгогон. Биздин мекеме азыр керектүү документтерин чогултуп, бул аялды энелик укуктан ажыратууну карап жатабыз, - деди Гүлзина Раева.

Ал ушул айдын аягына чейин жети аялды энелик укуктан ажыратыш үчүн Ош шаардык эмгек жана социалдык өнүгүү башкармалыгы Ош шаардык сотуна кайрыларын билдирди.

2019-жылдын 29-декабрь күнү Ошто эки жашар кызын көчөгө таштап кеткен. Ал аялды Ош шаардык милициясы ушул жылдын 20-январында кармаган. Аял милицияга берген алгачкы көрсөтмөсүндө Жаңы жыл майрамынын алдында мас болуп уктап калып кызын жоготуп койгонун айткан. Бирок милициянын маалыматында аял кызын издөөгө аракет кылган эмес.

2019-жылдын 29-декабрында «Тез жардам» кызматы Оштогу көп кабаттуу үйлөрдүн алдынан эки жашар кызды таап, милицияга кабарлаган. Кызын таштап кеткен аял боюнча милиция териштирип жатат. (MdN)

XS
SM
MD
LG