Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Март, 2025-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 18:43

Журналист Бейшенбеков эки берене боюнча сурак берип жатат


Турсунбек Бейшенбеков.
Турсунбек Бейшенбеков.

21-январда Chyndyk.kg сайтынын редактору, журналист Турсунбек Бейшенбеков Аскер прокуратурасына беш сааттай сурак берип чыкты. Анын жактоочусу Таалайгүл Токтакунова журналист эки берене боюнча суралып жатканын билдирди:

- Курсан Асановго байланыштуу 320-берене («Кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу») боюнча кылмыштын катышуучусу катары өтүп жатат. Ал 344-берене менен да суралып жатат. Экинчи берененин мааниси «Кайсы бир аткаминер жөнүндө чындыкка дал келбеген маалымат таратуу» деп чечмеленет.

20-январда Аскер прокуратурасына суракка чакырылып, андан ары 48 саатка камалган журналист Турсунбек Бейшенбеков ошол эле күнү кечинде эки айга үй камагына чыккан.

Турсунбек Бейшенбековдун «Азаттыкка» билдиргени боюнча бөгөт чарасы 20-январда кечинде каралган. Журналист сотко чейинки өндүрүш ишинин маалыматтарын ачыкка чыгарбоо тууралуу тилкатка кол коюп бергенин айтып, башка эч нерсе айта албай турганын билдирген. Ал өзүн эч кандай кылмыш кылбаганын айтып жатат.

Chyndyk.kg сайтынын редактору, журналист Турсунбек Бейшенбеков Аскер прокуратурасына 16-январда 1,5 саат сурак берип чыккан. Айрым маалымат каражаттары Бейшенбеков ИИМдин мурдагы орун басары Курсан Асановдун иши боюнча суралып жатканын жазып чыгышкан. Аскер прокуратурасы журналисттердин акыркы сурактары боюнча маалымат бере элек. (TSh)

XS
SM
MD
LG