Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
13-Декабрь, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 02:25

Путин Чайкага президенттин Түндүк Кавказ боюнча өкүлү болууну сунуш кылды


Владимир Путин менен Юрий Чайка.
Владимир Путин менен Юрий Чайка.

Орусиянын президенти Владимир Путин мурдагы башкы прокурор Юрий Чайкага Түндүк Кавказ федералдык округу боюнча президенттин атайын өкүлү болууну сунуш кылды. Бул тууралуу президенттин басма сөз катчысы Дмитрий Песков билдирди. Анын айтымында, кызмат тууралуу сөз Путин менен Чайка көзмө-көз жолуккан учурда болгон. Песков Чайка мындай сунушту кабыл алганын же четке какканын тактаган жок.

Путин Чайканы 20-январда кызматтан алган. Президент анын ордуна Тергөө комитетинин жетекчисинин орун басары Игорь Красновдун талапкерлигин Федерация кеңешине сунуш кылган. Кремлдин маалыматында Чайка башка ишке которулганы үчүн кызматынан бошотулганы айтылган.

68 жаштагы Чайка башкы прокурор болуп 2006-жылдан бери иштеп келген.

Оппозициялык саясатчы, Коррупция менен күрөш фондунун жетекчиси Алексей Навальныйдын ири иликтөөлөрүнүн бири Чайканын ишкер балдарына арналган болчу.

XS
SM
MD
LG