Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 21:19

Трамптын импичменти боюнча ишти Сенат карай баштады


Дональд Трамп.
Дональд Трамп.

Сенаттагы көпчүлүктүн лидери Митч Макконнелл 21-январь күнү сотту ачып жатып, «калыс жараян башталды» деп айтты.

- Биз тарыхый окуя - АКШ президентинин импичментин кароону баштаганы турабыз, - деди ал.

Макконнелл ошондой эле буга чейин демократтар лидерлик кылган Өкүлдөр Палатасында каралган процессти «адилетсиз болгон» деп баалады.

Бирок демократтар Макконнеллдин сөзүнөн улам Сенаттын сотун «жасалма», Трампты коргоо максатында түзүлгөн «калканч» деп баалашты.

Импичментке байланыштуу соттук териштирүү алты күнгө созулушу күтүлүүдө.

Трампты бийликтен четтетиш үчүн Сенат мүчөлөрүнүн үчтөн экисинин макулдугу керек. Бирок республикачылар басымдуулук кылган Сенатта бул мүмкүн эмес экенин серепчилер алдын-ала эле айтышууда.

XS
SM
MD
LG