Буга мурдагы президент Алмазбек Атамбаевдин адвокаттарынын өтүнүчү себеп болду. Алмазбек Атамбаев мурунку соттук жараяндарга катышуудан баш тарткан соң, айыптоочу тараптын өтүнүчү менен сот иши Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) имаратында өтө баштаган.
21-январда УКМКнын имаратында уланган сот жүрүшүндө мурдагы президент Алмазбек Атамбаевдин адвокаттары Чеченстандын президенти Рамзан Кадыровду сотко алып келип, суроону өтүнүштү. Бирок судья Эмил Кайыпов бул өтүнүчтү четке какты. Адвокат Сергей Слесаревдин айтымында, мындай өтүнүч киргизүүгө иштеги Шамил Атахановдун көрсөтмөсү негиз болгон. Анда Атаханов Алмазбек Атамбаевге Чеченстандын президенти телефон чалып сүйлөшкөнүн жана тараптар Жаныш Бакиев менен Азиз Батукаевди алмашууну макулдашканын айткан. «Ошондуктан биз сот ушул маалыматты аныкташын өтүндүк», - деди Слесарев.
Сот ошондой эле Жаныш Бакиевди көрсөтмө берүүгө чакыруудан да баш тартты.
Алмазбек Атамбаев кримтөбөл Азиз Батукаевдин түрмөдөн мыйзамсыз бошотулганына байланыштуу жана бир катар беренелер менен айыпталууда. Сөз болуп жаткан иш боюнча мурдагы башкы прокурорлор Аида Саляновага, Индира Жолдубаевага, ондон ашуун мурдагы жетекчилерге, дарыгерлерге айып коюлган. (ZKo)