Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
дүйшөмбү, 17-февраль, 2020 Бишкек убактысы 17:01

Тажикстанда жугуштуу вирустан улам кытайлардын өлкөгө киришин чектөө сунушталууда


Дүйшөмбүдөгү эл аралык аэропорт. Иллюстрациялык сүрөт.

Саламаттык сактоо жана калкты социалдык жактан коргоо министрлиги Тышкы иштер министрлигине жана Туризм комитетине ушундай сунуш киргизди. Тажик бийлиги Кытайдагы вирус тууралуу маалымат тарагандан кийин аэропорттордо жана чек ара өткөрмө бекеттеринде көзөмөл күчөтүлгөнүн билдирди.

- Чек ара өткөрмө бекеттеринде санитардык карантин посттору бар. Кандайдыр бир вирус аныкталса, көзөмөл күчөтүлүп, алар күнү-түнү иштөө режимине өтөт. Ар бир аэропортто заманбап дарт аныктоочу аппараттар бар. Кытайдан келген ар бир жүргүнчү дарыгерлердин кароосунан өтүп жатат. Эгер вирустун белгилери табылса, жаран атайын машине менен инфекциялык ооруканага жеткирилет, - деди саламаттык сактоо министринин орун басары Мирхомуддин Камолзода.

Аткаминер тажик жарандарына кайрылып, кыраал турукташканга чейин Кытайга барбай турууну сунуш кылды.

Тажикстандын Саламаттык сактоо министрлиги ТИМден жана Туризм комитетинен жакында Тажикстанга келген кытай жарандарынын аты-жөнүн жана даректерин тактоону, аларды көзөмөлдөн өткөрүүнү суранды.

Бир күн мурун Кытайдын Саламаттык сактоо боюнча мамлекеттик комитети 2019-nCoV коронавирусу кишиден кишиге жугушу ыктымал экенин тастыктаган. Кытайда өпкөнү сезгенткен жаңы вирустан төрт киши көз жумду. Илдетти жугузуп алгандарын көбү - Ухань шаарынын жашоочулары. Ал арада Шанхай, Бээжин шаарларында жана Гуаньдун провинциясында да ооруга чалдыккандар аныкталды. Алардын баары Уханга барышкан.

Кытайдан тышкары Таиландда, Жапонияда жана Түштүк Кореяда жалпысынан 220 адам бул белгисиз вирусту жугузуп алганы маалым болду.

Пикирлерди көрүңүз (2)

XS
SM
MD
LG