Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 12:20

Үрүмчүдөн учуп келгендер аэропорттон текшерилип жатат


«Манас» аэропорту.
«Манас» аэропорту.

Кыргызстан Кытайда тарап жаткан жаңы вируска каршы туруу боюнча аракеттерди баштады.

«Манас» аэропортунда Саламаттык сактоо министрлигине караштуу санитардык-карантиндик пункттун кызматкерлери Үрүмчүдөн учуп келгендерди текшерип жатканын мекеменин басма сөз катчысы Алия Курбанова «Азаттык» радиосуна кабарлады.

Курбанованын айтымында, Үрүмчү-Бишкек-Үрүмчү багыты боюнча учак күн сайын каттап турат. Каттамдарды кытайлык авиакомпания жүргүзөт.

Кытайда Жаңы жыл майрамы белгиленип жатканына байланыштуу 23-январдан 1-февралга чейин каттамдар убактылуу токтойт.

Соңку эки суткада Кытайда коронавирусту жуктуруп алган 139 адам катталды. Алардын көбү Ухань шаарында. Бүгүн 22-январда ооругандар АКШда да катталды.

Вируска кабылгандардын жалпы саны 200гө чамалады. Төрт адам каза болду. (RK)

XS
SM
MD
LG