АКШда Конгресстин жогорку палатасы - Сенат шейшембиде президент Дональд Трампка импичмент жарыялоо жараяны боюнча башкы эреже-жоболорду бекитти. Анын алдында Өкүлдөр Палатасы сунуш кылган 11 жобо четке кагылды. Талкуунун жүрүшүндө республикачыл сенаторлор жаңы күбөлөрдү чакырууга жана жаңы документтерди иликтөөгө макул болушкан жок.
Сенаттагы демократтардын лидери Чак Шумер жаңы күбөлөр жана жаңы документтер Украинага бериле турган аскердик жардамдын кандай жагдайлар менен берүү кечеңдегенин ачыкка чыгармак деп эсептей турганын айтты.
Сенат импичмент маселесин бир жумага жакын карашы ыктымал. Байкоочулар Трамптын партиялаштары - республикачылар көпчүлүктү түзгөн Сенат импичментти колдобой коёрун боолголошууда.
Өткөн айда демократтар басымдуулук кылгын Өкүлдөр Палатасы президент Дональд Трампка импичмент жарыялаган. Анда Кошмо Штаттардын 45-президентине «кызмат абалынан кыянат пайдаланган», «Конгресстин иликтөө иштерине тоскооолдук кылган» деген айып коюлган.
Атайын кызматтагы булак анда Кошмо Штаттардын президенти Трамп менен украин лидери Владимир Зеленскийдин телефон аркылуу сүйлөшүүсүндө өзүнүн башкы саясий атаандашы Жо Байден менен анын уулу Хантер Байдендин Украинадагы иштерин иликтөөгө ынандырган деп маалымат берген. АКШ президенти мындай дооматтардын баарын четке каккан.