Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 07:35

Бишкекте кыргыз-тажик чек ара сүйлөшүүлөрү жүрүп жатат


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Бишкекте бүгүн, 22-январда кыргыз-тажик чек ара сүйлөшүүлөрү өтүп жатат. Бул тууралуу «Азаттыкка» өкмөттөгү маалымат булактары кабарлашты.

Кыргызстандын жана Тажикстандын топография боюнча жумушчу топторунун жолугушуусу болуп жатат.

Эки өлкө чек ара маселесин чечиш үчүн эки жерди алмашмай болгону 21-январда Жогорку Кеңештин Эл аралык иштер, коргоо жана коопсуздук боюнча комитетинин жыйынында расмий айтылды.

Кыргыз тараптан берилчү жерлер анык болгону менен Тажикстан анын ордуна кайсы жерди берери азырынча белгисиз.

Андан тышкары чек арадагы 114 чакырым жер эки өлкөнүн бардык карталары боюнча туура келгени жана аларды бекитсе болору белгиленди.

Кыргызстан менен Тажикстандын чек арасынын узундугу 971 чакырымды түзөт. Анын 450 чакырымдан ашыгы тактала элек.

10-11-январда Баткен районунун Көк-Таш айылындагы соңку чек ара чырынан кийин эки тарап жолугуп, алты пункттан турган протоколго кол коюшкан. (BTo)

XS
SM
MD
LG