Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
5-Май, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 02:30

Агенттик: Таластагы ак илбирс кокусунан атылган болушу мүмкүн


Таластан кармалган ак илбирс.
Таластан кармалган ак илбирс.

Таласта кармалган ак илбирстин башына бытыра кокусунан тийген болушу ыктымал. Бул тууралуу «Азаттыкка» Айлана-чөйрөнү коргоо жана токой чарба агенттигинин басма сөз катчысы Бактыбек Рысалиев билдирди:

- Кокусунан атып алды деп айтыш да кыйын. Ким атканын билбей жатабыз. Бирок бытыра тийгенине караганда кокусунан болушу мүмкүн. Бытыра көбүнчө жырткычтарга колдонулбайт да, канаттууларга колдонулат. Так аныктама чыга элек.

10-январда Кыргыз мамлекеттик агрардык университетинин ветеринардык клиникасында ак илбирске операция жасалып, анын башына тийген 70тен ашык бытыранын 18 калдыгы алынган. Анын абалы жакшыргандан кийин экинчи операция жасалат.

Илбирс учурда эт, майда сөөк жеп калды. Айлана-чөйрөнү коргоо жана токой чарба агенттиги аны дарылоого акча топтош үчүн банк эсебин ачты.

Ак илбирсти аткандарды агенттиктин кызматкерлери күч органдары менен чогуу издеп жатышат. Сейрек кездешкен жаныбарды Таластагы Көк-Ой айылынан жергиликтүү тургундары таап, кийин Бишкекке жөнөтүлгөн.

Ак илбирс Кызыл китепке кирген жана өзгөчө коргоого алынган. Расмий маалыматка караганда, Кыргызстанда 324 ак илбирс бар. Ага зыян тийгизгендерге 1,5 миллион сомдук айыппул каралган. (RK)

XS
SM
MD
LG