Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Июнь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 08:34

Абхазияда президенттик шайлоо өнөктүгү башталды


Абхазияда шайлоо жыйынтыгына каршы чыккандар президенттик администрациянын имаратын ээлеп алышкан.
Абхазияда шайлоо жыйынтыгына каршы чыккандар президенттик администрациянын имаратын ээлеп алышкан.

Жикчил Абхазияда 22-январдан тартып президенттикке талапкер көрсөтүүнү каалаган саясий партияларды жана демилгечи топторду каттоо башталды. Борбордук шайлоо комиссия аларды каттап бүткөндөн кийин мындай саясий топтор кол топтой баштайт жана кеминде 2 миң кол чогултушу керек болот. Партиялар көрсөткөн талапкерлер кол топтобойт.

Азырынча шайлоого катышуу ниети бар экенин оппозиция лидери Аслан Бжания менен мурдагы ички иштер министри Леонид Дзапша ачык айтып чыгышты.

Абхазиянын Жогорку соту 11-январда оппозициячыл талапкер Алхас Квициниянын арызын канааттандырып, былтыр сентябрда өткөн президенттик шайлоонун жыйынтыгын жокко чыгарган. Мындай чечим аймакта жапырт нааразылык акциялары болуп, президенттик администрациянын имаратын ээлеп алгандан кийин кабыл алынган.

Квициния былтыр күзүндө өткөн шайлоонун экинчи айлампасында президент Рауль Хажимбага 1,5% айырма менен жеңилип калган. Оппозициячыл саясатчы шайлоонун жыйынтыгын таануудан баш тартып келген.

Нааразылык акцияларынан улам Грузиянын өзүн Абхазия Республикасы деп атап алган жикчил аймагынын парламенти Рауль Хажимбаны кызматтан кетүүгө чакырган. Сот аймакта жаңы шайлоо жарыялоону чечкен. Бирок Рауль Хажимба бул чечимге каршы сотко кайрыларын билдирген.

Абхазия - 1993-жылы Грузия менен болгон согуштан кийин өз алдынчалыгын жарыялап алган аймак. Орусия андагы жикчилдик маанайды акырындык менен колдоого алып, 2008-жылы Грузия менен беш күнгө созулган куралдуу жаңжалдан кийин Түштүк Осетия менен Абхазияны өз алдынча мамлекет катары тааныган. Орусия Абхазияга аскердик базасын жайгаштырган. Тбилиси Москваны өлкөнүн бүтүндүгүнө кол салганы жана аймагын аннексиялаганы үчүн айыптап келет.

XS
SM
MD
LG