Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Июнь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 03:00

Грекиянын тарыхында биринчи аял президент шайланды


Грекиянын парламенти.
Грекиянын парламенти.

Грекиянын парламенти Екатерина Сакелларопулуну президенттик кызматка бекитти. Аны добуш берүүнүн биринчи эле айлампасында 300 депутаттын 261и колдоду.

Кесиби боюнча юрист, 63 жаштагы Сакелларопулу ушул жылдын март айында кызматтык мөөнөтү аяктап жаткан Прокопис Павлопулостун ордуна келмекчи.

Грекияда президенттин ыйгарым укуктары чектелген жана бийликтин символу катары гана каралат. Бирок биринчи жолу бул кызматка аял киши келгени грек коомчулугу үчүн саамалык болуп калды.

Эки жыл мурун Сакелларопулу Грекиянын тарыхында Мамлекеттик кеңешти жетектеген биринчи аял болуп калган. Бул конституциялык орган жана ошол эле маалда өлкөнүн Жогорку административдик сотунун да милдетин аткарат.

XS
SM
MD
LG