Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Июнь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 05:46

Ооганстан: АКШ аскерлеринин дрон соккусу он адамдын өмүрүн кыйган


Герат провинциясы.
Герат провинциясы.

Ооганстандагы Адам укуктары боюнча өз алдынча комиссия ушул айдын башында өлкөнүн түндүгүндөгү Герат провинциясында АКШ аскерлеринин дрондон жоочуларга урган соккусунан бери дегенде 10 жайкын тургун дагы ажал тапканын, дагы беш киши киши жарадар болгонун билдирди. Алардын арасында үч аял жана үч бала болгон. АКШ жана Ооганстандын армиясы бул тууралуу азырынча комментарий бер элек.

Бул окуяга байланыштуу 8-январда Шинданад районунда нааразылык акциясы өтүп, жаңылыш соккуга күнөөлүүлөрдү жоопко тартуу талабы коюлган.

Герат провинциясынын кеңешинин өкүлү Вакил Ахмад Карохи соккудан "Талибан" куралдуу кыймылынан бөлүнүп кеткен 16 жоочу өлтүрүлгөнүн, арасында молдо Мохаммад Нангялай деген ат менен таанымал кол башчысы болгонун билдирди. Карохи бул соккуну "чоң ката" деп сыпаттады, ал молдо Нангялай Шинданда талибдердин мизин кайтарып турганын билдирди.

"Талибан" кыймылы Ооганстандын дээрлик жарымын көзөмөлдөйт. Өткөн аптада катарда аталган кыймыл менен АКШнын Ооганстан боюнча атайын чабарманы Залмай Халилзад баштаган топтун тынчтык келишимин түзүү боюнча сүйлөшүүлөрү жанданган эле.

XS
SM
MD
LG