Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 10:49

Өкмөттүн Жалал-Абаддагы өкүлү кызматтан алынганы кабарланды


Кыянбек Сатыбалдиев
Кыянбек Сатыбалдиев

Өкмөттүн Жалал-Абад облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Кыянбек Сатыбалдиев кызматтан алынганын “Азаттыкка” ишенимдүү булактар билдирди. Сатыбалдиевдин өзү бул маалыматты ырастаган да, төгүндөгөн да жок. Ал ден соолугуна байланыштуу жумушка убактылуу чыкпай жатканын кошумчалады.

Маалыматтарга ылайык, 23-январга өкмөттүн облустагы өкүлүнүн аппаратынын имаратында облустун активи жыйынга чакыртылды. Анда облустун жаңы жетекчиси жамаатка тааныштырылат. Кыянбек Сатыбалдиевдин ордуна өзгөчө кырдаалдар министри Нурболот Мирзахмедовдун талапкерлиги каралып жатканы кабарланды.

Кыянбек Сатыбалдиев өкмөттүн Жалал-Абад облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү болуп 2016-жылдын октябрь айынан бери иштеп келе жатат. Ал бул кызматка келгенге чейин 2015-жылы КСДПдан Жогорку Кеңештин депутаты болуп шайланган. (RsK)

XS
SM
MD
LG