Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 05:21

Дагестан: бассейнге кире албаган аялдар прокуратура кайрылды


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Дагестанда үч аял Түндүк Кавказдагы эң чоң бассейн деп эсептелген "Анжи Арена" спорт стадионундагы бассейнге түшүрбөй коюшканы үчүн прокуратурага кайрылышты. Алар аталган спорт комплесинин жетекчилиги аларды аял болгону үчүн кодулап жатат деп айыптап жатышат. Прокуратура органдары азырынча комментарий бере элек.

"Укуктук демилге" уюму аларга жардам берүүгө даяр экенин билдирди. Уюмдун өкүлү Ксения Бабич аларга эки аял кайрылганын маалымдады. Мунун алдында "Анжи Аренанын" "Инстаграмдагы" баракчасына 20-январдан тарта аялдар бассейнге киргизилбей турганы боюнча билдирүү чыккан. Бул чечим коомчулукта талкуу жараткан.

"Анжи Арена" спорт комплекси мындай чечим аялдардын да, эркектердин да өтүнүчү менен кабыл алынганын, мындан ары чоң бассейнге эркектер гана түшөрүн, ал эми чакан бассейн кыз-келиндер үчүн ачык болоорун айтууда.

XS
SM
MD
LG