Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Июнь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 05:25

Орусияда коронавирус жуккан деген шек менен эки адам ооруканага жатты


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Орусиянын Санкт-Петербург шаарында эки адам Кытайда катталган жаңы вирус жуккан болушу ыктымал деген шек менен ооруканага жаткырылды. Алардын бири, 23 жаштагы Арман Каракешишян Шанхайдан учуп келген жана Санкт-Петербургга Красноярск менен Москва аркылуу учкан. Ал учактан түшкөн кезде денесинин табы 38 градуска чейин көтөрүлүп турган, андыктан аны ошол жерден эле ооруканага алып кетишкен.

Кытайда өпкөнү сезгенткен жаңы вирустан өлгөндөрдүн саны 17 кишиге чамалады. Өлкөнүн саламаттык сактоо мекемеси коронавирусту 450дөн ашык адам жугузуп алганын кабарлады жана жарандарды илдет биринчи катталган Ухань шаарына барбоого чакырды.

Вирусту жугузуп алгандар АКШда, Жапонияда, Түштүк Кореяда жана Таиландда да катталды.

Маалыматтарга караганда бул вирус дем алуу органдары аркылуу жугат жана адамдан адамга да өтөт. Орусия вируска байланыштуу көзөмөлдү күчөттү. Кыргызстан баштаган Борбор Азиядагы мамлекеттер да чара көрүп жатат.

Адистердин айтымында, жаңы илдетке дабаа болчу дары жасап чыгарууга кеминде жарым жылдай убакыт кетиши мүмкүн.

XS
SM
MD
LG