Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 08:13

Чек ара кызматы: Талгат Аланов 300 ирет Кыргызстандан сыртка чыккан


Талгат Аланов.
Талгат Аланов.

Мамлекеттик чек ара кызматы подполковник Талгат Алановдун 2005-жылдан бери жетекчиликтин уруксатын албастан 300 ирет Кыргызстандан сыртка чыкканын билдирди. Мекеменин басма сөз катчысы Гүлмира Бөрүбаеванын «Азаттыкка» берген маалыматына караганда офицер Талгат Алановдун үстүнөн топтолгон материал Аскер прокуратурасына берилди. Анда подполковник Талгат Алановдун кайсы убакта чек арадан өткөнү жана кайсы өлкөлөргө барганы көрсөтүлгөн.

- Подполковник Талгат Алановдун 2005-жылдан бери жетекчиликтин уруксатын албастан, мыйзамсыз 300 ирет Кыргызстандын чек арасынан сыртка чыкканы аныкталды. Ал кошуна Казакстанга эле эмес, Кытайга жана Бириккен Араб Эмираттарына да барган. Бул факт боюнча материал учурда Алановдун ишин иликтеп жаткан Аскер прокуратурасына берилди, - деди Мамлекеттик чек ара кызматынын басма сөз катчысы Гүлмира Бөрүбаева.

Ал эми Мамлекеттик чек ара кызматынын Ош облусу боюнча башкармалыгынын улук офицери Талгат Аланов мекеменин маалыматын четке кагып, айтылган факт боюнча сотто жактоочу аркылуу жооп берерин билдирди.

- Маалымат болгондой эле Мамлекеттик чек ара кызматы мени сотко берген. Бүт маалыматтарга мен сотто жактоочу аркылуу жооп берем. Мен сотто сүйлөшөм. Жактоочум жооп берет, - деди Талгат Аланов.

2019-жылдын 27-ноябрында Мамлекеттик чек ара кызматынын офицери Талгат Аланов журналисттерге өзү иштеген мекемедеги мыйзамсыз иштер тууралуу маалымдаган. Анда Аланов «Достук» чек ара көзөмөл-өткөрмө бекетиндеги акча топтоо фактыларын мисал келтирген. Ал ошондой эле Мамлекеттик чек ара кызматынын башында тургандар кошуна мамлекеттер менен чектеш аймактардагы көзөмөл-өткөрмө бекеттеринде иштеген кызматкерлерден «үлүш» алып турарын, түзүмдүн ичинде жазылбаган мыйзамдар бар экенин айтып, кызмат орундары акчага сатыларын да айткан.

Бул билдирүүдөн кийин эле Мамлекеттик чек ара кызматынын аймактык башкармалыгынын кызматкерлери да басма сөз жыйынын өткөрүп, Алановдун дооматтарын төгүндөшкөн. Мекеменин Ош облусу боюнча башкармалыгынын штаб башчысы Адылбек Сейдалиев «акча чогултулат» деген сөздөр жалган экенин билдирген.

21-январда Талгат Алановду Мамлекеттик чек ара кызматынын Ош облусу боюнча башкармалыгынын беш аскер кызматкери сотко берип, Аланов алардын кадыр-баркына доо кетиргенин билдиришкен.

Талгат Аланов «Азаттыкка» билдиргенине караганда, 2019-жылдын 27-ноябрындагы басма сөз жыйынынан кийин Аскер прокуратурасы териштирүү иштерин баштаган. Анын жыйынтыгы чыга элек. (ZKo/MdN)

XS
SM
MD
LG