Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
дүйшөмбү, 17-февраль, 2020 Бишкек убактысы 16:56

Кыргыз-казак өкмөт мүчөлөрү чек арадан жүк өткөрүү маселесин талкуулашат


Кыргызстан менен Казакстандын өкмөт мүчөлөрү чек арадан жүк өткөрүү маселесин талкуулашат.

Жолугушуу январь айынын акыркы күндөрүндө Алматы шаарында өтөт. Бул тууралуу вице-премьер-министр Жеңиш Разаков кыргыз-казак чек арасында топтолгон жүк ташуучулар менен жолугушууда билдирди:

- 30-31-январда Алматыда өкмөттүк деңгээлде жолугушуу болот. Биз ошол жерде ушул маселени кабыргасынан коёбуз. Анткени бул маселе бүгүн эле чыга калган жок, жыл сайын биздин жүк ташуучуларга кыйынчылык жаралып келет. Ошондуктан биз бул маселени казак тарап менен ачык сүйлөшүүнү чечтик.

Өкмөт башчынын орун басарлары Жеңиш Разаков жана Замирбек Аскаров 21-январда кыргыз-казак чек арасындагы «Ак-Тилек» өткөрмө бекетинде Казакстанга кире албай турган жүк ташуучулардын арыз-муңун угушту.

Вице-премьер-министрлер ошондой эле «Ак-Тилек» көзөмөл-өткөрүү жайына жакын жердеги товарларды жана жүктөрдү каттоо пунктунун курулушу менен таанышты. Курулуш 10 күндүн ичинде аяктайт.

Жыл жаңыргандан көп өтпөй, Казакстан Кыргызстандан кирип жаткан жүккө кошумча талап койгондуктан бул өткөрмө бекетинде жүк ташуучу автоунаалардын тыгыны пайда болгон. Буга байланыштуу кыргыз өкмөтү тынчсыздануусун билдирип, казак тараптын чек ара аркылуу товар жана жүк алып өтүүдөгү кошумча текшерүү киргизиши Евразия Экономикалык Биримдигинин (ЕАЭБ) нормаларына каршы келерин эскертип, ЕАЭБдеги милдеттерди аткарууга чакырган.

Ал эми Казакстандын Киреше боюнча мамлекеттик комитетинин расмий өкүлү Олжас Отар басылган пломбалары бузулбаган жана документтери туура жүк ташуучулар чек арадан тоскоолдуксуз эле өтүп жатканын маалымдаган.

Кыргыз-казак чек арасында Казакстан тарап жүк ташуучу автоунааларды түрдүү себептер менен өткөрбөй кармаган учурлар мурунку жылдары да катталган. (ZKo)

Пикирлерди көрүңүз (5)

XS
SM
MD
LG