Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
4-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 19:09

Бишкек ЖЭБиндеги коррупция боюнча сот уланууда


Бишкек жылуулук электр борбору.
Бишкек жылуулук электр борбору.

22-январдагы отурумда Бишкек Жылуулук электр борборундагы (ЖЭБи) коррупция боюнча сотто кошумча экспертиза жүргүзүү тууралуу өтүнүч канааттандырылган жок.

«Улуттук энергохолдингдин» жетекчиси Айбек Калиевдин адвокаты кошумча соттук-курулуш жана техникалык экспертиза жүргүзүү тууралуу өтүнүч келтирди. Анын жүйөсүнө караганда, ЖЭБди жаңылоодогу сметалык долбоордо кытайлык адистердин келип-кеткенине сарпталган чыгашалар, бир катар цехтерди куруу жана башка иштер тууралуу маалыматтар камтылган эмес. Адвокат белгилегендей, буга деле миллиондогон доллар сарпталган.

Бирок судья өтүнүчтү канааттандырган жок.

Бишкек шаардык соту 20-январда ЖЭБди оңдоп-түзөөдөгү коррупция боюнча айыпталгандардын апелляциялык арызын карай баштады. Сотко Ирина Воронцова төрагалык кылууда.

6-декабрда Бишкектин Свердлов райондук соту бул иш боюнча айыпталуучулар - мурдагы премьер-министр Сапар Исаковду жана «Улуттук энергохолдинг» компаниясынын мурдагы төрагасы Айбек Калиевди 15 жылга кескен.

Сот чечими менен «Электр станциялары» ишканасынын мурдагы жетекчиси Салайдин Авазов 11 жыл 3 айга, мурдагы өкмөт башчы Жантөрө Сатыбалдиев 7 жыл 6 айга эркинен ажыратылган.

Ал эми «Электр станциялары» ишканасынын жетекчисинин мурдагы орун басары Жолдошбек Назаров менен ЖЭБди модернизациялоо долбоорунун мурдагы аткаруучу директору Темирлан Бримкулов жаза мөөнөтүн тергөө абагында өтөп коюшкандыктан зот залынан бошотулган.

Мурдагы энергетика министри Осмонбек Артыкбаевге 5 миллион сом, мурдагы финансы министри Ольга Лавровага 3 млн. сом айып салынган.

2018-жылы январь айында ЖЭБдеги авариядан соң Бишкек бир жума бою жылуулуксуз калган. Териштирүүдөн кийин оңдоп-түзөө иштеринде коррупция бар экени аныкталып, кылмыш иши козголгон. (ZKo)

XS
SM
MD
LG