Президент Трамптын администрациясы АКШга баласы төрөлөрү менен америкалык болуп калышы үчүн төрөө максатында келүүчү аялдарга чек коймокчу. Маалыматтарга караганда мындай мүмкүнчүлүктөн жыл сайын жүздөгөн орусиялык аялдар пайдаланышат.
22-январда Мамлекеттик департамент тараткан маалыматта бул чектөөлөр АКШга кош бойлуу аялдардын киришине тыюу салбай тургандыгы, бирок АКШ консулдугунун кызматкерлери виза берүүдө алардын түпкү максатын аныктоо укугуна ээ болору айтылган. «Төрөт туризмин» чектөө тууралуу кеңири маалыматтар 23-24-январь күндөрү жарыяланмакчы.
Бул маалымат президент Трамп жарандары АКШга кирүүгө тыюу салынган өлкөлөрдүн катарын көбөйтүү ниетин жарыялагандан кийин чыкты.
АКШнын президенти Дональд Трамптын администрациясы жети мамлекеттин, анын ичинде Кыргызстандын жарандарынын бул өлкөгө киришин чектеген мыйзам долбоорун даярдап жатканы 21-январда белгилүү болду. Алар - Беларус, Мьянма, Нигерия, Судан, Эритрея жана Танзания.
Ак үйдүн өкүлү Хоган Гидлинин айтымында, мыйзам АКШны «террордук чабуулдардан коргоо» максатында кабыл алынганы жатат.
Кыргызстан менен АКШ өкмөттөрүнүн кызматташтыгы тууралуу келишимге 1993-жылы 19-майда Вашингтондо кол коюлган.
Бул документти кыргыз өкмөтү 2015-жылдын 21-июлунда бир тараптуу денонсациялаган.