Штаттын метеорология кызматы жакынкы күндөрү аба ырайынын начарлашынан улам игуана же майда кескелдириктер жаашы ыктымал экенин шаар тургундарына эскертти.
Божомолдорго ылайык, абанын табы -1 градуска чейин төмөндөшү мүмкүн. Мындай температурада игуаналар бакта уктап жаткан жеринен кулай башташат. Абанын табы 4 градустан ылдыйлай баштаганда эле шаардын көчөлөрүндө дарактарда уктаган боюнча кулаган, селейген игуаналарды көп кездештирүүгө болот.